Биз социалдык тармакта

Депутат мектептерге компьютер сатып берүү үчүн каражат бөлүү керектигин айтты

Депутат Алмазбек Эргешов мектептерге компьютер сатып берүү үчүн каражат бөлүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 2 280дей мектеп бар. Мектептерге 98 пайыз интернет киргиздик деп жатабыз. Бирок ошол мектептин ичинде 42 пайыз эле компьютер бар. Ошол компьютердин 70 пайызы заманбап эмес же иштебейт. Бул нерсени биз мектептерди кыдырганда көрүп жатабыз. 2017-2018-жылдары мектептерге компьютер сатып алуу үчүн жылына 30 миллион сомдон бөлүнүп жатты эле. 2019-жылы каражат бөлүнбөй бир дагы компьютер сатылып алынган жок. 2020-жылы дагы ошондой болуп жатат. Өкмөт ушул маселени чечиши керек", - дейт Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muslim.azamatovich
2020-01-16 12:13:06
Оз чонтогунон эле чыгарып бербейсинби мамлекеттен суранбай,,сооп учун деле,,,
0
ruslan73
2020-01-16 17:44:57
Депутат туура маселе которуптур. Бир компьютерге учтон торттон бала отурат. Кезек жетпегени кутуп, же тоериясын окуйт. Компьютер жетишпейт такыр. Эки жылды аймактарды онуктуруу жана санариптештируу жылы деп жарыялап бир гана интернет зымын тартып вай-фай орнотуп коюшту. Иштейли десе компьютер жетишпейт. Компьютер менен камсыз кылуу маселесин колдоп коюнуздар урматтуу депутаттар. Келечек балдардыкы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан