Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу кечеңдеп жатканын айтты.
"Ары-бери каттаган эл кыйналып кетти. Кыш келгенде жазды күтөбүз, жаз келгенде жарытылуу деле иш кылбайбыз. Анан кайрадан кар түшүп, асфальт төшөлбөй калууда. Жолдун курулушун тезинен бүткөрүү керек. Ал үчүн кышкысын жолдун нугун даярдап, жаз келери менен асфальт төшөө зарыл. Биз жазды, жайды анан күздү күтүп отура берсек, кайрадан кыш келет, жолдун курулушу создуга берет. Жолдун сапаты дагы төмөндөйт. Өкмөт муну эстен чыгарбай, курулушчуларга талапты катуу коюшу керек", - деди депутат.