Биз социалдык тармакта

Айланма жолдогу транзиттик май куючу жай курчоого алынды. Мамлекеттик чек ара кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди

Бишкектеги айланма жолдогу транзиттик май куючу жайды аскер формасын кийгендер зым менен тосуп жатышат деген билдирүүсүн окурман редакциябызга билдирди. Айтымында, казак аскерлери курчалган аймакты күзөтүп турушат. Бул боюнча Мамлекетик чек ара кызматына байланышканыбызда, буларга токтолду.

"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда аралыгы 800 метр болгон транзиттик аймак бар. Ал Казакстанга тиешелүү жер. Транзиттик аймактагы жолду казак тарап зымдар менен убактылуу тосуп койду. Мындан улам Казакстандын аймагында жайгашкан “Азия” жана “Достык” май куючу жайлары бардык жарандар үчүн жабылды. Бирок жол транспорт каттамдары үчүн ачык бойдон калды.

Транзиттик аймактагы жолго кошумча жол белгилери, маалыматтык шиттер орнотулат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз жарандарын транзиттик жолдогу жол эрежелерин сактоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jelezo
2020-01-17 17:34:55
Шабдан кырк байталга саткан жерби
+4
Jaznura
2020-01-17 17:35:18
Эми айрым популисттер муну да биздин жер эле деп чыгышат.
-6
chake
2020-01-17 17:36:30
Казактарга да айла жок экен да Адахан СуперМен Ыссык Көлдөн дагы жер бергенин айтып чыкты эле кечээ Азике бүгүн зымторун көтөрүп жетип келиптир
-2
u02u02
2020-01-17 17:44:31
Эмне деген мамлекет болдуук ал жактан казактар бул жактан тажиктер каалаганда тосушат каалаганда атышат.....
+7
Kyrgyz_bloger
2020-01-17 17:54:46
Калыгул олуянын жеринди четтен кемирээр деген жашоо келди да.
+8
Altyn2017
2020-01-17 18:43:14
Биздикилер эмнеге тосушпайт ушинтип.
+8
Altyn.bala
2020-01-17 21:21:32
Соргонбай келгенден бери башыбыз шылкыйып бутту коншуларга.Соргонбайды башка презтденттер тенине албайт.Атамбаевтин убагында биз да кыр корсотчу элек.Атамбаевтин айынан чек ара жабылган дегендер коруп алгыла.
+10
Samatalibei
2020-01-17 21:59:04
Altyn.bala, Башка Президент болсо деле баягы кара гор да! Сага пайдасы тийиши мумкун бирок элге пайдасы жок! Эл озубуздун пейилди озгортуп озубуз онолсок анан Президентти кетиребизби башкасы келеби ойлонот элек!
0
kuttubekuzgen
2020-01-18 12:55:58
Бул жерде дизель ооло арзан болчу, кокуренттери эле жаптырды болуш керек коро албастык кылып, дунган балдар иштетчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан