Биз социалдык тармакта

Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун наркын төмөндөтүү жөнүндө Мыйзамына кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун наркын төмөндөтүү жөнүндө Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинини 123-1-беренесинде (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуу) көрсөтүлгөн айрым бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмү 3 000 сомдон 1 000 сомго чейин төмөндөтүлгөн: — жол белгилеринин талаптарын аткарбоо; — жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо: — токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу; — коопсуз дистанцияны жана башка учурлар.

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуунун жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Samatalibei
2020-01-16 18:18:47
АЯБАЙ куттурдунуз же окмот сизге жеткирбей элди тоноп калалы дедиби? Эртереек кол койушунуз керек эле штраф кобойуп кетти!
+7
Alimbek1000
2020-01-16 22:14:31
Жээнбеков эч кандай пиары жок эле эчкимге эч кандай жаман айтпай эле эл үчүн мамлекет үчүн иштеп жатат.
+1
Kyrgyz_bloger
2020-01-16 18:25:21
Элди бир сыйра тоноп,эми кол койду,1000 сом дагы коп 500 сомго тушуруш керек.
+4
jamal1957
2020-01-16 21:07:59
11,12,2019жылы вести кг.ге зам.начальник ГУОБДД МВД Иманалы Саркулов берген интервьюсунда айткан эле закон кучуно кире электе болгон штрафтар жаны жылдан кийин жаны закон менен азайтылган турундо толонот деп эми ошондой боло бекен же жокпу коробуз го, анткени автоматтык турдо сумма озгоруш керек экен го.Коп эле водителдер кутуп жатышат толобой деп айтылып жатат ошол интервюда.
0
Djumahmatov
2020-01-16 23:58:24
jamal1957, андай болбойт 3000 сомдун жарымын 1500 сомун тологонумо 3 күн болду негизи рахмат айтыш керек чынында камерага лично өзүм билгенден сеорость менен бир топ эле стоп линядан двайной линядан 20 дан ашык түштүм бирөөсүно гана жазылыптыр баарына жазыла турган болсо бир айда 30 миң горантия төлөйсүң
-1
chake
2020-01-16 22:12:13
Сооронбай Шарипович өзүн пиарлаганда жайда эле кол коюуп салмак бирок ал киши баарын мыйзам чегинде гана кылып жатат Президент чыныгы карапайым элдин арасынан чыккан президент рахмат сизге
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан