Биз социалдык тармакта

ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкуна 6 жыл толду

ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкуна 6 жыл толду. Бул тууралуу атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматкери Адила Тыналиева билдирди.

Маалыматка ылайык, "Шумкар" атайын багыттагы полку 2014-жылдын 17-январында түзүлгөн. Бул кызматка өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо өңдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Атайын багыттагы полк ар кандай кырдаалдарда күтүлбөгөн тапшырмаларды ыкчам, жогорку деңгээлде аткарышат.

Салтанаттуу иш-чарада жарандардын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка жана террорчулукка каршы күрөшүүдө өмүрүн тобокелге салып, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди. Ошондой эле бир катар кызматкерлер медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2020-01-17 14:08:27
Кут болсун. Мамлекетибиздин коопсуздугун сактап жүрө бергиле.
0
aksy.1989
2020-01-17 15:55:52
Мамлекеттин коопсуздугун эмес аткаминерлердин коопсуздугу учун тузулгон болуш керек бул полк
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан