Борбор шаардагы "Ата-Түрк" сейил багындагы күркөлөр буга чейин мыйзамсыз делинип алынган. Эми аттракциондор дагы алына баштады. Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган сейил бактагы 28 аттракцион алынып жатат.
Мындан тышкары, 4-кичи райондогу №48-үйдүн жанындагы күркө алынды. Ал эми түшүндүрүү ишинен кийин Некрасов менен Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги гриль сатуучу күркөнүн ээси өз эрки менен объектти алды.
Мыйзамсыз орнотулган объектилерди алуу иштерин Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасы жүргүзүүдө.
Былтыр мыйзамсыз делинип 2 миң 700 объект алынган.