Биз социалдык тармакта

Мэрия: "Борбор калаадагы Жаңы жылдык иш-чараларга 5 миллиондон ашуун сом жумшалды"

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балаты 20-январда алынат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан тышкары, мэриядан Жаңы жылды тосуу үчүн уюштурулган иш-чараларга минималдуу каражат сарпталганын билдирди. Борбор калаанын бардык жерлериндеги уюштурулган майрамдык иш-чараларга жалпысынан 5 миллион 478 миң сом керектелген. "Ала-Тоо" аянтына, Агропромдун мекемесинин тышына жана шаардын ар кайсы аймактарына илинген баннерлер 826 миң сомду түздү.

"Ала-Тоо" аянтына орнотулган балаты 960 миң 200 сом болду. 2018-жылы балатыны орнотууга 2 миллион 375 миң 800 сом жумшалган. Белгилей кетсек, Жаңы жылдык чыгашалардын тизмесинде "Ынтымак" сейил багына, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына жана Чыгыш-5 кичи районуна коюлган эски балатылардын суммасы кирет", - деп билдиришет маалымат кызматынан.

Жаңы жылдык майрамда пайдаланылган жасалгалар сакталып, кийинки жылы дагы колдонулат. Шаар тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн режиссёр-коючулар, сценаристтер, алып баруучулар, бийчилер жана башка бир катар кесип ээлери эмгектеништи. Мэрия кызмат көрсөткөн ар бир адамга акча төлөдү. Мындан тышкары, тартуучу топко, техникалык каражаттарга дагы акча бөлүндү деп кошумчалайт басма сөз кызматынын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nazar76
2020-01-18 14:00:43
Эми жеп койгон акчанарды жаап жашырыш учун жаны жылга шылтоо шылтоо кыла бергиле
+4
guard
2020-01-19 09:10:56
Быйылкы ёлканы эле эмки жылы орноткула, башкача кылабыз деп ага да акча коротпой, ёлкадан акча жебесенер ачка олуп калбайсынар, дегеле ёлканын эмне кереги бар, завод курсанар боло, ошондой тез арада, элге пайдасы бар болот эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан