Биз социалдык тармакта

Өкмөт Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү комитетин түздү

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын өкүлү билдиргендей, уюштуруу комитетинин төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов дайындалды. Ал эми уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров бекитилди.

Уюштуруу комитетине Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Комитеттин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлгөн.

Ошону менен бирге Каржы министрлигине иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын бөлүп берүүнү караштыруу тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Muslim_KGstana.
2020-01-18 17:35:29
Андан коро Москвадагы кызына жардам берип,конул бурсанар болмок.
+3
KAYRATBEK
2020-01-19 04:07:58
Откон адамдын рухун козгоп Кудайга жакпаган ысырапчылык ты токтотолу. Туура залкар адам болгон
эч кандай шек жок. Бирок 90 100 110жылдык деп эле канчалаган миллиондорду корото бергенден эмне пайда. Же 110жылдык белгилебесек ал инсан эсибизден чыгып кетеби. Ойлонбой эле доодуроп бир кылган ишибиздин пайдасы жок миллиондогон каражаттарды корото бергенди токтотолу! Ошончолук болсо ошол инсандын атынан жетимдерге, карыларга же Памирден келгендерге жардам берели акыл эске келип мындай ойлонбойл
+1
Apyn8793
2020-01-19 22:26:06
Ушул киши кылган иштеринен улгу алып иш кылсанар болмок Кыргыз бийлиги!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан