Биз социалдык тармакта

"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы тыгын. Вице-премьерлер жүк ташуучулар менен жолугуп, маселени чечип бермей болушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Замирбек Аскаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги кырдаалы менен таанышып, жүк ташуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын башында «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү кырдаал татаалдашты. Биз кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз. Учурда чек арада убактылуу чектөө абалы түзүлгөнүнө байланыштуу жүк ташуучуларга шарт түзүү үчүн чатырлар тигилип, акысыз ысык чай берилүүдө. Мамлекеттик органдардын Казакстандын тийиштүү органдары менен сүйлөшүү процесси уланууда", - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Жүк ташуучулар жолугушуу учурунда кыргыз-казак тилкеси аркылуу товарларды жана жүктөрдү ташып өтүүдөгү тоскоолдуктар жана чектөөлөр тууралуу айтып беришти. Ага байланыштуу тармактык мамлекеттик органдарга тоскоолдуктарды азайтуу жана көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу өтүүдөгү бардык шарттарды түзүү, кыска мөөнөттүн ичинде сервисттик пункттун материалдык-техникалык базасын жабдуу, видеокөзөмөл камераларын орнотуу, сервисттик пункттун ишинин тартибин, регламентин бекитүү жана бул тууралуу жүк ташуучуларга маалымдоо тапшырмасы берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Absamat-90
2020-01-22 09:04:46
Албетте бул чечилуусу керек болгон маселе. Казак тарап чыр баладай өзүн көрсөтүп жатат улам оюндун эрежесин бузган.
+1
chake
2020-01-22 09:22:51
Казактар көнгөн адатын баштаган экен чиркин биз дагы суу рычагдарыбызды колдонуш керек эретен сезондо бир жумаа сууну кысып койсок куурап калат эккен эгиндери
0
Bars88
2020-01-22 10:45:01
Бул разаков денег эшектин тушоосун дагы чече албайт.Чек ара жонундо айткандарды жумуштан алыш керек,акчага чыгып атышат деп тантып журотго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан