"Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирген. Алар Тажик жарандарына кайрылып, кырдаал турукташканга чейин Кытайга барбай турууну сунуштады.Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Тышкы иштер министрлигинен жана Туризм комитетинен жакында Тажикстанга келген Кытай жарандарыны аты-жөнүн жана даректерин тактоону, аларды көзөмөлдөн өткөрүүнү суранды", - деп айтылат маалыматта.
Тажикстан коркунучтуу вируска байланыштуу Кытай жарандарынын өлкөгө киришин чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.