Өлкө боюнча коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн акыркы бир сутка ичинде 587 адам өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Акыркы 24 сааттын ичинде 587 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бардыгы болуп өлкөдө 16 миң 653 адам эмдөө алды", - деп билдиришти министрликтен.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта старт алып, анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп эмдөөдөн өткөн.