Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРГА" жооп: "Ар бир абоненттин эсеп-дүмүрчөгү электрондук түрдө эсептелет, ашыкча же жасалма сумманы чыгаруу мүмкүн эмес" дейт "Ош электр" ишканасынан

"Ош электр" ишканасы суткалык электрдик сарптоонун киловаттарын туура эмес эсептеп, мындан улам көбүрөөк сумма чыгып, элге зыян тийип жатат" деп билдирген "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман.

Бул суроо боюнча "Ош электр" ишканасына кайрылганыбызда, ар бир абоненттин эсеп-дүмүрчөгү электрондук түрдө эсептелерин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурилич Токонбаев билдирди.

"Биздин расмий сайтта "электр энергиянын калькулятору" деген бөлүм бар. Ошол жактан ар бир абонент күндүк, айлык жана жылдык киловаттарын жазуу менен эсепке чыгуучу суммасын эсептеп алса болот. Бул жакта ар бир тыйынга чейин чыгарылат. Мисалга алсак, 700 киловатты 12 айга көбөйтсөк 8400 киловатт чыгат. Кайрадан 8400кВт÷365 күнгө бөлсөк = 23.01кВт күнүнө эсептелет. Андыктан бул жакта ашыкча же жасалма сумманы чыгаруу мүмкүн эмес. Бардыгы ачык-айкын жүргүзүлөт", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AksyKum
2020-01-22 22:20:23
Элдик кабарга жонотконго жеткен мээ киловатты тыйнга кобойтконго жетпейби.эгер киловатты ашыкча жазып жатат деп шекшисе эсептегичте турат корсоткуч
+2
AksyKum
2020-01-22 22:21:32
Коп кабатту уйдо жашап щиттин ичинде болсо электирикке айтса ачып корсотот Эгер корсотпой койсо Рэске кайрылсанар болот эле
+1
JaneEr
2020-01-22 23:15:14
Туура.Мен ошодон эле эсептеп толоп ватсаптан счётчиктин показаниясы менен чекти контролерго жиберип коем.
+1
Kyrgyz_bloger
2020-01-22 23:28:55
Биздин окмот элдин канын сорушту билет.
+5
AiperiO
2020-01-23 01:41:04
Эски счётчик менен жайында 400сомдой чыкчуу, "умныйга"откондо,650сом дароо эле коп эсептеп баштады... Болбосо, ошондой эле электр энергиясын колдонгонбуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан