Биз социалдык тармакта

ИИМ жалган маалымат тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти

Ички иштер министрлиги кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына же 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуңуздарды суранабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
sinej
2020-01-23 13:53:12
ИИМ биричи озунордон баштагыла. Сооронбай Жээнбеков баш болуп, озунорго керек учурда калпты деле чындыка айлантып саласынар, кереги жок учурда "факты керек" деп олтура бересинер. Озунорго жакпаган адамды фактысы жок эле камап коет экенсинер, жакындарынарга келгенде аларды корголоп, факты деп журосунор. Акыйкат деген жок Сооронбайнар баш болуп.
+2
Jaznura
2020-01-23 14:10:18
sinej,көк мээ.
-3
Alimbek1000
2020-01-23 14:10:56
sinej,Ошол таратып аткандардын бири сен окшойсуң? ИИМ сени таап алат оңой эле)
-3
Jaznura
2020-01-23 14:11:45
Ошондой жалган маалымат тараткан адамдарды жоопкерчиликке тартып туура кылат. Андай болбосо Вотсаптагы группаларда жалган маалымат жайнап эле жүрөт.
-1
Alimbek1000
2020-01-23 14:12:02
Коомчулукту дүрбөлөңгө салагандар сөзсуз жоопко тартылсын!
0
Absamat-90
2020-01-23 14:21:39
Жалган маалымат тараткан жакша эмес калкты дурболонго салып. Экинчиден соз болгон Эркин сай айылына кара джип эмес адашып бир бука барса дароо байкалат. Ушундай провокаторлоду кармап туруп жазалоо керек.
0
bond02
2020-01-23 20:32:31
Анда биздин коп эле жарандарыбыз жоопко тартылып калат го, биздин укук коргоо органдары чындыкты калпка коп алмаштырып коюшчу эле.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан