Биз социалдык тармакта

"Франкрут жана Майне". Вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун катасын кайталады

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун катасын кайталады.

Мыйзам долбоорлоруна добуш берүү учурунда Франкфурт-на-Майне шаарын "Франкрут жана Майне" деп окуду.

Буга чейин Жумабеков "Франкфурт жана Маяня шаарында... Маяня шаарында" деп эки ирет Франкфурт-на-Майне шаарын туура эмес окуп алган. Андан кийинки жыйында дагы "Франкфурт-на-Маяне" деп окуган.

Мындан соң Дастанбек Жумабеков аталган шаардын аталышын туура окуп калган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Jaznura
2020-01-23 17:26:58
Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт. Балким кагазда ошентип жазылган чыгар.
-9
murat17
2020-01-24 02:30:35
Jaznura,бирок булар улуттун жузу ката окуганы туура эмес
+2
chake
2020-01-23 17:28:01
сындап отура бергиле бул дүйнөдө идеал адам жок гарантия мен силерге ушуну айтып койоюн
-10
Margo82
2020-01-23 17:53:45
Кагазга ката жазылып калса дагы,билимдуу адам тууралап окуш керек,бул жер эмне базар же жоро отуруш беле,боло берет дегендей.
+11
Kyrgyz_bloger
2020-01-23 17:58:16
Алайда Памирликтер окуп жатыптыр дейт,ошолорго барып кошулуп уч айлык курстан отуп келгиле,тиги Тазабекти,Дастан спикерди,гимн билбеген Фархат беле ошону кошуп алгыла.
+14
bond02
2020-01-23 18:10:39
Суунун башы каякка кетсе аягы да ошол жакка кетет.
+8
Aikaaaa
2020-01-23 18:27:08
Жөө жүргөн депутаттардан уялып шапканы баса кийип албай, ушундай ''окуй'' албаган депутаттардан уялыш керек
+11
Aimani
2020-01-23 20:43:24
Спикер акесинин иниси экен да. Айла жок ушундай билимсиз депутаттарга кор болдук кыргыз элим. Дагы тигил жакта жүрөт нааразы болгондорду Памирге бир жумага жибериш керек деп айтканы. Ал жакта талкуу жабык экен. Эмне үчүн Памирге, өнүккөн Европа өлкөлөрүнө жибергенди мисал кылса болбойбу. Озун Памирге бир айга жибериш керек. Барып китеп окуп, кругозорун кенейтип келсин. Жок дегенде шаарлардын аталышын жаттап дегендей
+9
ruslan868600
2020-01-23 20:47:51
Aimani,туура айтасын
+4
Jelezo
2020-01-23 22:13:50
Адам адашат интернеттен эле шывап отура берсек болбойт.
-6
keku00
2020-01-24 03:08:55
Дастанды баарыбир актай албайсынар. Анын сабаты жетишсиз экенин эл билди. Бул кадамынар менен уят эле болуп жатасынар кайра-кайра. Ала-Тоо аянтына Франкфурт жана Маяне деп илип койсонор да Дастан акталбайт, кайра шерменде болот. Кок беттиктин да чеги бар. Токтоткула Маянени! Сабатсыздар!
+3
basyz-kaman
2020-01-25 08:32:48
Майнедеги Франкфурт. Кыргызча айтам десеңиздер ушинтип окуп жүрүңүздөр урматтуу депутаттар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан