23-январь күнү саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус тууралуу сүйлөштү.
Жолугушууда элчи Кытайдан чыккан вирус тууралуу так жана толук маалымат таратуу керектигин айтты. Анын айтымында, 22-январь күнү Кытайда пресс-конференция өткөрүлүп, саламаттыкты сактоо боюнча Улуттук комиссиянын өкүлдөрү маалымат беришкен. Расмий билдирүү боюнча вирус аба аркылуу жугат. 23-январга карата алынган маалыматка ылайык, вируска чалдыккандардын саны 571ге жетип, 17 киши каза болгон. Вирус азыркы күндө Кытайдан тышкары Түштүк Корея, Япония, Таиланд, АКШда катталды. Андан сырткары Ду Дэвень окуя өкмөттүн көзөмөлүндө экендигин жана чет элдиктер үчүн виза берүү токтотулбаганын кошумчалаган.
Космосбек Чолпонбаев өз сөзүндө Кытай жана башка өлкөдөн келген жарандар санитардык-карантиндик көзөмөлдөө пунктунда эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. "Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын комитетинин эксперттеринин жыйынтыгы менен учурда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо туура эмес", - деген министр.