Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 849 адамдан коронавирус аныкталды. 60 бейтап бул инфекциядан каза болсо, 677 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында 2 миң 957;
Москва облусунда 611;
Санкт-Петербург шаарында 253;
Дагестан Республикасында 113 адам жана калгандары башка аймактардан.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 68 миң 622 адамдан коронавирус аныкталган. 615 адам каза болсо, 5 миң 568 бейтап ооруканадан чыгарылды.