Биз социалдык тармакта

Өлкөнүн 5 шаарында мектептерге электрондук каттоо 15-февралда башталат

Мектептерге электрондук каттоо 15-февралдан баштап ишке кирет. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 2020-2021 окуу жылындагы долбоорго 5 шаар кошулган.

Алар Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок. Балдарды биринчи класска каттоо үчүн ата-энелер mektep.edu.gov.kg деген порталдагы жеке кабинетке кирип тийиштүү документтерди толтурушу керек.

Учурда жогорудагы шаарларда биринчи класска барчу балдардын тизмеси такталып жатат.

Электрондук каттоо ата-энелерге жеңил шарт түзүп берүү, коррупциянын болушуна жол бербөө үчүн киргизилген. 2019-2020-окуу жылында 19 миң 126 окуучу электрондук каттоодон өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан