Биз социалдык тармакта

Мамлекет башчы Түркиянын элине жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге жана жалпы түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм!" - деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alimbek1000
2020-01-25 15:33:23
Бизге Кудайым тынчтык берсин!
+1
Jaznura
2020-01-25 15:40:58
Alimbek1000,омиийн
+2
chake
2020-01-25 15:35:04
элибизди бөөдө кырсыктан кудайм озу сактаган болсун
+2
Absamat-90
2020-01-25 15:40:21
Кырсык да, Кайрат айтабыз түрк элине.
0
Jaznura
2020-01-25 15:40:51
Жаткан жери жайлуу болсун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан