Бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.
Анда Матраимовдорго жактоочулук кылып жаткан Канатбек Азиз Райымбек Матраимовдун кызыкчылыгын коргоо үчүн жыйынга келгенин айтты. "Депутаттык комиссияда Саймаити боюнча Матраимовдор шектүү деген маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Журналисттик иликтөөдө Саймаити тууралуу көп сөз болгон", - дейт Канатбек Азиз.
Депутат Мирлан Жээнчоров кийинки жыйындарга Райымбек Матраимовду, Алтынбек Сулаймановду, Дүйшөнкул Төрөкуловду чакырууну сунуштады.