Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында өлкөдөн чыгып кеткен каражаттын бюджетке тиешеси жоктугу айтылды

Бүгүн, 31-январда Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө.

Анда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары Эмил Жамгырчиев “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча факт 2019-жылы июнь айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын айтты. "Иликтөөдө 2011-жылдан 2017-жылга чейин коммерциялык банктар аркылуу Кыргыз мамлекетинен 937 миллион доллар которулган. Бул которулган акча каражаттары бюджетке тиешеси жок. Маалымат каражатында “Исмаил-Ата” фондуна 3 миллион доллар түшкөнү жазылган. Бирок бул маалымат такталган жок”, - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан