Депутат Алтынбек Сулайманов Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул маселени иликтөө керек.
"Бүгүнкү күн тартибине депутаттык комиссия түзүүнү киргизели. Кытай жараны Саймаитинин өлүмү боюнча көп сырдуу, жаңы нерселер ачылып жатат. Мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу күчтөр бул маселени башка жакка бургусу келип жатат. Бул маселени иликтеп, Саймаити ким, Кыргыз мамлекетине кантип келген, Кыргыз паспортун, дипломатиялык номерди кантип алган, кимдер менен жакын болгон, кимдер менен душман болгон? Ушул нерсени иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм. Баарын иликтөө керек. Ишти башка жакка бурам дегендер адашып жатышат", - деди ал.
Сулаймановдун сунушун Жанар Акаев, Төрөбай Зулпукаров колдоду. "Бир Бол" фракциясы депутаттык комиссия түзүү үчүн чечим даярдап жатышат.
11-ноябрга караган түнү Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Ал унаа Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, ал 12-ноябрда кызматынан бошотулган. Саймаитинин өлүмү боюнча баш-аягы 4 адам шектелип кармалганын буга чейин түркиялык басылмалар жазып чыгышкан.