Уханда коронавирусту дарылоочу оорукана курулуп бүттү. Курулуш аянтында 3 миңден ашык жумушчу күн-түн дебей иштөөдө
Ухан шаарында коронавирусту дарылоо үчүн пландалган оорукананын курулуш иштери бүттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
1000 кишиге ылайыкташкан оорукана 10 күндө курулуп бүттү жана 3-февралда колдонууга берилет. Хошэньшань шаарында курулган ооруканада пациенттерди атайын провинцияга чакырылган 1400 аскер медициналык кызматкерлери дарылашат.
Ал эми экинчи жаңы оорукананы Лейшеншань шаарында куруп жатышат. Анын ачылышы 6-февралга пландалууда.
Төмөндө курулуш иштери кандай жүргөндүгү тууралуу фотогалерея келтирилген.
Бир жарым апта мурун бул жерде эч нерсе жок болчу. Эки комплексти 2 аптада куруу пландалган.Курулуш иштери башталганда тартылган бул сүрөт интернет айдыңында абдан популярдуу болгон. Сүрөттү айрымдар "Түстүү экскаватордун балети" деп атап алышкан.Ооруканаларды тез арада бүтүрүү үчүн куруучулар даяр чогултулган модулдарды колдонушкан.Ар бир курулуш аянтында 3 миңден ашуун куруучулар иштешүүдө. CGTN телекомпаниясынын берген маалыматына ылайык, алгачкы күндөрү куруучу адам жетишпегендиктен күнүнө 12 сааттан иштешкен. Учурда экинчи курулуш аянтында куруучулар 3 мөөнөттө иштөөдө.Курулуш иштери күнү-түнү дебей, жамгыр, суукка карабай жүрүүдө. Жумушчулар сөзсүз коргоочу бет кап менен иштешет. Улам сайын алардын дене табы текшерилип турат.Эксперттердин пикиринде, кыска аралыкта курулган ооруканалар бул маселенин убактылуу чечилүүсү гана. Вирус массалык абалда курчуганына байланыштуу вируска кабылгандарды тез арада өзүнчө бөлүп, дарылоого багытталган. Жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмдөрү узак убакытка ылайыкташкан эмес.
Ухандагы коронавирусту дарылоочу оорукана бүттү
Кытайда миң кишиге ылайыкталган оорукананы он күндө куруп коюшту