Москва шаарындагы коронавирус инфекциясы менен күрөшкөндөрдү дарылап жаткан Коммунарка ооруканасынан медицина кызматкерлери четинен кетүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, март айынан бери ооруканадан 10 чакты медайым жана кенже медицина кызматкерлери өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Жумуштан кеткен медайымдардын бири 2-3 апта тынбай иштешкенин жана мурун колдонулган чума оорусуна каршы костюмдарды кийип иштегенин айтып, нааразы болгон. Анын айтымында, алар үчүн эс алуучу, тамактануучу жай уюштурулган эмес. Ошондой эле президент Владимир Путин айткан коронавирус менен ооругандарды караган медицина кызматкерлерине берилчү кошумча айлык мурунку жумуштагы айлыгынан да аз болгонун кошумчалаган.
Белгилей кетсек, ооруканадан медицина кызматкерлери массалык түрдө кетип жаткандыгы тууралуу алгач 24-апрелде ошол жакта дарыланган журналист Наталья Андреева айтып чыккан.