Өлкөнүн медициналык жайларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы үчөө каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун экөө Баткен облусунда, бирөө Ош облусунда катталды.
Муну менен республика боюнча оорудан көз жумгандардын саны жалпы 1 миң 324 болду.