"Өлкөдө медициналык маскалардын запасы азайып кетти". Орусияда бет каптарды даярдоого абактагылар тартылды

Орусияда эркинен ажыратылып, абакта отургандар медициналык бет каптарды даярдоого тартылат. Алар өндүрүш ишин жазасын өтөп жаткан жерде ишке ашырат деп жазышат орус басылмалары.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Курск облусундагы абактарда жазасын өтөп жаткандар медициналык маскаларды тигишет.

"Жазасын өтөп жаткандар тиккен бет каптар дарыканалардагы маскалардан кем калышпайт. Бет каптар пахта буласынан даярдалган текстилдик кездемеден тигилет. Жакынкы күндөрү 10 миңден ашуун бет каптар даяр болот", - деп билдирген Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы.

Орусиянын Монополияга каршы күрөшүү кызматы өлкөдө медициналык маскалардын запасы азайып кеткенин билдирген. Ошондой эле бет каптарга болгон баа өлкөнүн бир катар аймактарында жогорулаган. Буга байланыштуу Владимир Путин 5-февралда билдирүү жасап, маскалардын, дары-дармектердин баасын жогорулаткан дарыканалардын лицензиясы алынарын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
chake
2020-02-07 22:15:20
абал оор окшойт дүйнөдөгү ири империяларды ойлондуруп жатат кудай озу сактаган болсун
+9
BarsBaatyr
2020-02-07 22:26:46
Маскалар аптекаларда 10 сомдон сатылып жатат. Министрликтин бааны көтөрбөгүлө деген талабын кулактарына дагы илишкен жок. Мына сага бизнес...
+17
bond02
2020-02-07 22:35:52
Биз чек араны жаап эле коргонбосок, башка жол жок.
+14
Kyrgyz_bloger
2020-02-08 00:14:38
Бул маскаларды 4 саатка эле жетет анан алмаштырыш керек дейт го,копко тагып журо берсе эмне болот,кайсы жери жарабай калат ким билет?анан тоголок пластмассасы бар кымбат маскалар бар экен го 100с 800 сомго чейинки алар канча убакытка жетет?
+2
Paol
2020-02-08 08:13:32
Kyrgyz_bloger,мисалы сиз масканы кандай иштетип жатасыз вирустан коргоном десениз аптекадан алган маска 2саатка жетет а смогко каршы болсо алты саатка чейин жетет.Мисалы аптекадагы маскалар 2слойный болот а сиздин кымбат деп жаткан маскалар более плотный
0
titanik32
2020-02-08 04:47:45
Жанакы Салымбеков деген бирөө бар экен го Кытайларга жагынам деп маска жөнөткөн,ошол өзүбүзгө эле калтырса болот эле.50 миң масканы Кытайга жөнөтө салбай.
+5
SHAHDAR
2020-02-08 09:49:46
Бул маскалар жардам бербейт экен.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан