Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарынын айрым райондорунда коомдук транспорттор каттабай, жумушка өз убагында жете албай калдык деп "Элдик кабар" бөлүмүнө нааразы болгон окурмандар билдиришкен. Ал эми аталган маселеге байланыштуу шаар тургундарынан сурамжылоо кылганыбызда, алар каттамдар учуру менен эле келип жатканын билдирип жатышты.
Биз шаарда эл азайып, каттамдарга түшкөн адамдардын саны дагы мурункуга салыштырмалуу бир кыйла аз экенин байкадык.