Азамат Жаманкулов: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жардамга муктаж болуп турат"

Бүгүн, 1-апрелге карата Өкмөт үйүндө маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын катышуусунда онлайн жыйын өтүүдө.

Кыргыз өлкөсүндө түзүлгөн оор кырдаалга байланыштуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, муктаж болгон социалдык аярлуу топторго, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын, активдүү жана кайдыгер эмес жарандардын биригүүсү аркылуу жардам штабы түзүлгөн.

Анда маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ишкерлерди жана башка жарандарды жардам берүүгө чакырды.

"Штаб Бишкек жана Ош шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. 1227 түз чалуу жана мобилдик тиркеме аркылуу муктаж жарандар кайрылса болот. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр азыркы тапта жардамга муктаж болуп турат", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан