Депутат: "Чиновниктер элден бөлүнгөндөй оолак болуп жатат"

Депутат Чыныбай Турсунбеков чиновниктер элден бөлүнгөндөй оолак болуп жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Өткөндө коронавирус маселеси боюнча мага Кытайда окуган студенттердин ата-энелери кайрылганын Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып койсом, Тышкы иштер министрлиги өздөрүнүн сайты аркылуу депутаттар жалган айтып жатат, алып келгенге даярбыз деп билдиришти. Анан студенттерге телефон чалышып, "силер эмне арызданасыңар, ата-энеңердин 1-2 миң доллары жокпу" деп урушкан экен. Чиновниктер элден бөлүнгөндөй оолак болуп жатат", - дейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан