Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган июнь айынан баштап Түркия 19 өлкөнүн 23 шаарына аба каттамдарын ачарын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлкө Европанын айрым шаарлары жана Алматы, Тбилиси, Минск менен каттамдарын жандандырат. Стамбул-Бишкек учак каттамы бул тизмеде жок.
Ошондой эле 20-майдан тарта Түркиянын ооруканалары 31 өлкөдөн бейтаптарды кабыл алып баштары жазылган. Бул өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргыз өлкөсү, Казакстан жана Орусия бар. Чет өлкөлүк бейтаптар учакка салынып жатканда жана учак сапарында тыкыр текшерүүдөн өтүп, бейтап менен кошо эки гана жакынын алууга уруксат берилет.