Пекинден келген 40 студент убактылуу обсервациялык жайга жайгаштырылды

Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө "Акжол" көзөмөл-өткөрмө жолу аркылуу кыргыз студенттерин ташыган 1-автобус келди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"Казак тараптын жардамы менен 13-февраль күнү Пекин-Алматы каттамы менен Кытайда окуган 40 кыргыз студент келди. Алар тепловизор аркылуу дене табын текшерген соң чек арадан өтүшкөн. Учурда бардык студенттердин абалы туруктуу. Чек арадан өткөн студенттер тиешелүү жабдуулар менен камсыз болгон убактылуу обсервациялык жайга жайгаштырылды.

Белгилей кетсек, кыргыз студенттери Үрүмчү шаарында жайгашып, чек ара жабылганына байланыштуу мекенине келе албай жүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2020-02-13 15:18:51
Сатыкта кордук жок. Аман эсен келген болсо жакшы.
+2
chake
2020-02-13 15:20:16
катуураак көзөмөлгө алынганы туура артык кылам деп тыртык кылып албайлы бир жукса бул ооруу оңдурбайт окшойт
+2
Alimbek1000
2020-02-13 15:20:46
Кудай сактасын эми!
+3
Omush94
2020-02-13 16:16:03
Иншаллах мусулмандарга жетпесин бул вирус
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан