Орус басылмаларынын бири Кыргыз өлкөсү Орусиядан 100 миң даана тест систем жана жасалма дем алдыруучу аппараттан 300 даана сураганын өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Мындай маалымат коронавирус менен кайсы өлкө кандай күрөшүп жатат деген макалада айтылган. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан тышкары АКШ, Түркия, Кытай, Япония мамлекеттери жардам берип жатканы камтылган.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүн, 26-мартта көрсөтүлүп жаткан жардамдар боюнча буларга токтолду.
"Кыргыз өлкөсү коронавирус менен күрөшүү үчүн Кытайдан, Орусиядан жана Түркиядан медициналык жардам алып жатат. Алдыда Орусиядан коронавирусту аныктоо үчүн тест системдерди алуу каралып жатат", - деди ал.
Айтымында, тест системдер буга чейин Орусиядан, Түркиядан, Япониядан дагы алынган.