Ухан шаарынан келген 18 студент ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралда 14 күндүк карантинден кийин 18 студент ооруканадан чыкты. Алардын абалдары канааттандырарлык.
2-февралда Кыргыз өлкөсүнүн Ухан шаарында жашаган 18 студенти Бишкекке алып келинген.