Казакстандын Павлодар шаарындагы көп кабаттуу үй карантинге алынды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Павлодар шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде коронавирус менен ооруган адам аныкталган. Ошондон улам аталган үйгө полиция кызматкерлери келип, подъезддин эшигине тосмолорду коюп, тургундардан эч кимди сыртка чыгарбай жатышат.
Буга чейин да аталган көп кабаттуу үй 14 күндүк карантинге алынып, полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болгон. 23-апрелде подъезддин эшиги ачылганы менен 4 күндөн кийин кайра эле карантинге алынып жатат.
Эске салсак, буга чейин Нур-Султан шаарында 9 кабаттуу үй карантинге алынып, тургундары 2 апта үйүнөн чыга албай калышкан.