Кыргыз Республикасына 28-январдан 21-февралга чейинки аралыкта Кытайдан 1 миң 356 адам кирген. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 21-февралда билдиришти.
"Өлкөгө киргендердин 876сы Кыргыз жарандары, 36сы Орус, 16сы Казак, Өзбекстандын 16, Тажикстандын 6, 363 Кытай, 6 Корей, Мексиканын 1, АКШнын 6, Түркиянын 3, Австралиянын 1, Япониянын 4, Пакистандын 7, Канаданын 4, Индиянын 3, Италиянын 2, Бангладештин 1, Франциянын 1, Беларустун 2, Англиянын 1 жана Монголиянын 1 жарандары болгон.
Республиканын аймагына 716 жаран "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу кирсе, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 407 жаран кирген. "Ош" эл аралык аэропорту аркылуу 89, "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайынан 32, "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 22, "Достук" көзөмөл-өткөрмө жайынан 17, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 12, "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 11, "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрмө жайынан 4 адам өткөн. Калгандары чек аранын ар кайсы бөлүгүнөн өтүшкөн.
Кытайдан келгендердин көбү аталган өлкөдө билим алып жаткан кыргыз студенттери жана Кыргыз өлкөсүндө иштеген Кытай жарандары (Жаңы жыл майрамына карата өлкөсүнө эс алууга кеткендер)", - деди маалымат катчы.