Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталып, 143 адам каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 246 адамдан аныкталды. 143 адам каза болсо, 4 миң 489 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 1 миң 359;

Москва облусунда - 689;

Санкт-Петербург шаарында - 252;

Свердлов облусунда - 253 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 537 миң 210 адамдан инфекция аныкталды. 7 миң 91 адам каза болсо, 284 миң 539 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан