Журналист Элнура Кулуева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына бүгүн тамагы ириңдеп, дене табы менен Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кытайлык кыз түшкөндүгү тууралуу маалыматты жазып чыккан болчу.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бул билдирүү боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.
"20-февраль күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Кытайдын Пекин шаарынан келген кыз "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген. Ал ушул жылдын январь айынын башында өлкөгө келген. Дарыгерлер анын дене табын өлчөгөндө, 37 градусту көрсөткөн. Андан ошол замат коронавируска карата анализ алганда вирустун белгилери болгон эмес. Бүгүн, 21-февралда Кытай жаранынын абалы канааттандырарлык болуп, ал Кытай элчилигине өткөрүлүп берилген", - деп жазылат маалыматта.