Коронавирустан 2 461 адам каза болду. Бул тууралуу 23-февралга карата Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы маалымат жарыялаган.
Маалыматка ылайык, 78 миң 766 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми 23 миң 125 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылган.