Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдети 155 жарандан аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары - 42;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 63;
Ош облусу - 12;
Талас облусу - 1;
Нарын облусу - 6;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу - 3.
Өлкөдө илдет катталган күндөн бери жалпы 83 миң 585 жаран жабыркады.
Ал эми соңку сутка ичинде 136 бейтап коронавирус инфекциясын жеңип, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 56;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 13;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 5.
Жалпысынан илдетти 79 миң 509 бейтап жеңип чыкты.