Кытайдан чыккан Covid-19 эпидемиясы жакынкы аралыкта токтой турганы айтылууда. Бул тууралуу Кытайдын Москвадагы элчиси Чжан Ханьхуэй пресс-конференцияда билдирген.
"Менимче, эпидемиянын очогу болгон аймактан (ред. Хубэй) башка провинцияларда, шаарларда айдын аягына чейин абал турукташып калат. Анткени башка аймактарда акыркы 18 күндө коронавирус жуктуруу окуясы аз катталып жатат", - деп билдирген Кытайдын Москвадагы элчиси Чжан Ханьхуэй.
Анын айтымында, кытай окумуштуулары коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгышкан. Бирок вакцина дагы иштеп чыгууну талап кылат.