Интернет желесинде сөзү акын Какен Алмазбековго, обону Аксуубай Атабаевге таандык сүйүшкөн жандардын гимнине айланган "Чагылган" ырын аткарган апа тууралуу жылуу пикирлер айтылып жатат.
Видеону Уля Нурматова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн баракчасына жүктөгөн. Ал "эл ичи өнөр кенчи, классташым Гүлнараны өзүнөн сурабай эле чыгарып койдум. Карантин башталгандагы ыр кеседен үзүндү", - деп жазып, алдына аталган видеону тиркеген.
Анда аткаруучуга пикир калтыргандардын дээрлик баары анын жакшы ырдай турганын, таланттуу экенин жазышкан. Арасында аткаруучуну Кыргыз Эл артисти Зейнеп Шакеевадан кем калышпай турганын билдирген колдонуучулар да бар.