Кытай бийлиги Юньнань провинциясына коронавирус инфекциясынан улам өзгөчө абал режимин киргизди. Бул тууралуу чыгыш маалымат булактары жазышууда.
Анда жазылган маалыматка ылайык, Юньнань провинциясындагы (Кытайдын түштүк-батыш тарабында) 8 (округ) шаар жана 25 уездге коронавирустун айынан өзгөчө абал режими киргизилди.
Жуйли шаарында Мьянмадан келген 2 адамдан коронавирус аныкталган. Мунун негизинде аталган аймактагылар коронавируска каршы тестирлөөдөн өтүүсү жана шаар жашоочулары өзгөчө муктаждыгы жок болсо, үйүнөн чыкпоого милдеттендирилди.
Жуйли шаарында 200 миңден көп адам жашайт. Юньнань провинциясында 7 бейтапка коронавирус диагнозу коюлган. Алар башка өлкөлөрдөн келген.