Коронавирус Өзбекстандын рыногуна залакасын тийгизди. Ташкентте товарлар кымбаттап кетти

Коронавируска байланыштуу Өзбекстандын Ташкент шаарында ири дүң соода базарларында товарлар кымбаттоодо. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Кыргыз өлкөсү коронавируска байланыштуу Кытай менен чек арасын жаап салганына байланыштуу Ташкенттеги ири дүң соода базарларында товарлар 5 пайызга кымбаттап баштады. Анткени Ташкенттеги ири деп эсептелген "Урикзор" дүң соода базарына Кытайдан келген товарлардын 60 пайызы Кыргыз өлкөсү жана Казакстандын чек аралары аркылуу өтүп келген.

"Товарларымды 5 пайызга кымбаттатууга туура келди. Чек ара жабылып, Кытайдан товарлар дүң келбей калганына байланыштуу бардык соодагерлер товар ташыгычтардан көз каранды болуп калдык. Алар болсо бааларды кымбаттатып салышты", - деген базардагы соодагер. Андан сырткары базарларда курулуш товарлары да 25-30 пайызга кымбаттаганы айтылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Absamat-90
2020-02-25 13:13:14
Бул бир жагынан биздин ишкерлер учун жакшы . Себеби Ташкенттен селитра менен бышкан жашылча жемиштер бизге келчу. Азыр парник менен алектенген агаларыбыз коп. Ошолордун жашылчасын жейбиз.
+7
chake
2020-02-25 13:24:45
дуйнө сестенип турган учурда бизге да кесепети тийбесе экен
+5
aerforce
2020-02-25 15:19:00
Озбекстанды эмне кыласынар бизгеда тийдиго товар келбей
+3
Raatbek700
2020-02-25 18:46:26
Билбедим мен эмнеге мындай экенмин бирок аларга зыяны тийсе ойлонуп деле койбойм кубанышым мумкун.негизгиси Кыргызстанга келбейсин кымбатчылык оору
-4
faraon312
2020-02-25 19:29:30
Raatbek700,кубанам дегениң болбой калат го. Тообо кылалы
+2
Arstan18.18
2020-02-25 22:48:31
Кытайдыкы басты олбос болду деп атып мына Эми кымбатчылык биздеделе толук болушу мумкун, бизде азырынчы ачык каалганча кирип, киргизип жатышатда кытайлар
0
sirenaaaaa
2020-02-26 11:42:11
Бизде деле кымбаттап жатат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан