"Ухан вирусу": АКШда коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 112 миң 540ка жетти

Бүгүн, 10-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети 12 миллион 229 миң 127 адамга жукту. Анын ичинен 6 миллион 702 миң 968 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 554 миң 203 адам каза болду.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда 3 миллион 112 миң 540 адам илдетке чалдыккан. Айыккандар - 969 миң 111, каза болгондор - 133 миң 209.

Бразилияда вирус 1 миллион 755 миң 779 адамга жукту. 154 миң 591 бейтабы ооруну жеңсе, 69 миң 184 бейтап кайтыш болду.

Ал эми Индияда 767 миң 296 адам вируска кабылган. Тилекке каршы, 21 миң 129 бейтап көз жумса, 476 миң 378 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан