Бишкектин кире беришинде 16 санитардык-карантиндик көзөмөл-өткөрмө жайлары иштеп, милициянын кайгуул кызматы күнү-түнү кызмат өтөөдө

Бишкек ШИИББинин милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери коронавирустун жайылып кетпөөсүнө коюлган талаптарды жана иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген күндөн тартып, милициянын кайгуул кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

“Бишкек шаарынын кире беришинде 16 санитардык-карантиндик көзөмөл-өткөрмө жайлары иштеп, анда кызматкерлер күнү-түнү күзөттө туруп кызматын өтөөдө. Кызмат учурунда жарандардын жана айдоочулардын документин текшерип, жарандарга эч себепсиз үйдөн чыкпоого, өздүк гигиенаны сактап, мыйзамды жана коюлган талаптарды так сактоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан