Италияда коронавирустан каза болгондордун саны 12ге жетти. Ал эми аны жуктуруп алгандардын саны 374 адамды түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Коронавирус өлкөнүн 9 аймагына тарады. Вируска кабылгандардын көпчүлүгү (240 киши) түндүк Ломбардия аймагынан. Өлкөнүн 5 облусундагы музей, театр, кинотеатр, спорттук зал жана башка коомдук мекемелер жабылды. Ошондой эле ар кандай иш-чаралар, спорттук мелдештер да убактылуу токтотулду. Ал эми күтүлүп жаткан футбол боюнча улуттук чемпиондук беттеш көрүүчүлөрсүз өтө турган болду", - деп жазылат маалыматта.
26-февралга карата Кытайда коронавирустан 2 миң 760 киши каза болсо, 80 миң 994 киши вирусту жуктуруп алгандыгы маалымдалган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму расмий түрдө 2019-nCOV деп атаган вирус учурда Иран, Таиланд, Япония, Вьетнам, Сингапур, Малайзия, Түштүк Корея, Франция, Непал, АКШ, Австралияда катталды.