Бир суткада коронавирус жуктургандардын эң көбү Ошто катталды (видео, хронология)

Бүгүн, 19-апрелге карата өлкөдөгү коронавируска байланыштуу абал тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат жыйыны өттү. Онлайн өтүп жаткан жыйында министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берди.

2020-04-19 10:24:00

Кийинки аптада коронавирустун туу чокусуна жетишибиз мүмкүн. Ошондон кийин илдеттин жайылуусу басаңдап, катуу чектөөлөр алынышы мүмкүн экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары билдирди.

2020-04-19 10:23:00

Нурболот Үсөнбаев: "Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын коронавирус жуктуруп алган кызматкеринин абалы жакшы. Ал дарылануу курсунан өтүп жатат".

2020-04-19 10:18:00

Бүгүнкү күнгө карата вирус жуктуруп алганы аныкталган медицина тармагынын 18  кызматкерлеринин жетөө дарыгер, калганы кичи кызматтагылар.

2020-04-19 10:17:00

Коронавирус жаңы аныкталган бейтаптар оорулуулар менен байланышта болгондор. 

2020-04-19 10:15:00

Кыргыз өлкөсү азырынча экспресс-тесттерди колдонуудан баш тарта элек. Мамлекеттик чек арада экспресс-тесттерди колдонуу зарылчылыгы бар экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

2020-04-19 10:12:00

Коронавирус тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 миң 877 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 769;
Башка байланыштар (II категория) – 6 миң 108.

2020-04-19 10:10:00

19-апрелге карата өлкөдө коронавирустан каза болгондор катталган жок.

2020-04-19 10:09:00

Республика боюнча стационарларда жаткан бейтаптардын 16сынын абалы оор. 

2020-04-19 10:07:00

Бүгүн, 19-апрелге карата дагы 18 медицина кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Муну менен илдетке чалдыккандар 134 болуп калды.

2020-04-19 10:05:00

Сутка ичинде 48 жарандан коронавирус аныкталды. Алар төмөнкү аймактардын тургундары:

Бишкек шаары – 9;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 7;
Ош шаары – 9;
Жалал-Абад облусу - 9;
Нарын облусу – 11;
Баткен – 1; 
Жалпы саны 554кө жетти.

2020-04-19 10:03:00

Бир сутка ичинде жалпысынан 3 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Алар:
Бишкек шаары – 2;
Нарын облусу – 1;
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 133 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
titanik32
2020-04-19 11:39:42
Супер инфо коронавирусту эң башкы кабар кылып алышты.Элдер коп күндөн бери карантинде жатып коронавирус дегенди уккусу жок.Эн эле окуй турган Кыргызча сайт супер инфо силерсиңер,силер да күндө Зы кылдыңар коронавирус жаза берип.Соңку кабар полный коронавирус.Чет өлкөдө өлөйүн деген 104ко чыккан адамдын же 6 айлык наристенин коронавирустан сакайып чыкканы менен бизге Кыргызга не кызыкчылыгы бар.Минздравдын күндөкү онлайн кабарын эле аңдып калыпсынар.Канча коронавирус айтат экен жаза коёлу деп.
0
basyz-kaman
2020-04-19 14:10:49
Супер инфо күн сайын саат 10:30 да силердин порталынарга кирем коронавирус тууралуу маалымат алганы. Коронавирус боюнча дүйнөлүк маалыматтарды дагы берип туруңуздар ишиңиздерге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан