23-февралда Жумгал районуна караштуу Кызыл-Коргон айылында жол куруучу болуп иштеген Кытай жарандарынын иштешине каршы митинг болуп өткөнү кабарланган.
Анда жергиликтүү тургундар айылда коронавирустун очогу болгон Ухан шаарынан Кытай жарандары келгенин айтышкан.
"Жакында Кытайдан алтоо келди. Аларды биздин аба майдандан дене табын ченеп туруп эле коё беришиптир. Эми алардын ичинен төрт Кытай жараны биздин айылда карантин деп изолятордо жатат. Ухандан аял-күйөөсү болгон жубайлар келгенин билебиз", - деген жергиликтүү тургун.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Кызыл-Коргон айылынын жашоочуларына байланышып, ал жактагы абал тууралуу билип көрдү.
"Митинг өткөндөн кийин карантинде жаткан кытайларды алып кетишти. Бирок кайсыл жакка алып кетишкенин айтышкан жок. Учурда айылда абал тынч. Бирок Кытай жарандары дагы келишсе, кайрадан митингге чыгабыз", - дешти жашоочулар.