Коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 669га жетти. Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты.
Жазылган маалыматка ылайык, вирусту жуктуруп алгандардын саны 69 миң 186 адамды түзөт. Алардын ичинен 1 миң 669 жаран көз жумган. Ооруканадан 9554 жаран дарыланып чыгышкан.