"Ухан вирусу": Коронавирустан каза болгондордун саны 2 миң 798ге жетти

27-февралга карата коронавирустан 2 миң 798 адам каза болду.

Кытайдан башка коронавирустан улам өлүм катталган өлкөлөр: Иран, Түштүк Корея, Италия, Япония, Франция, Филиппиндер.

Маалыматка ылайык, 82 миң 154 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми 32 миң 814 адам дарыланып, ооруканадан чыгарылган.

Аталган инфекция башталган Кытайдын өзүндө каза болгондор басымдуулук кылат жана анда расмий статистиканы Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы жүргүзүп жатат. Ошондой эле АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университет вирустун тарашы боюнча онлайн убакытта көзөмөл кылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2020-02-27 11:09:05
Бул маалыматтар туура эмес окшойт, оору жуктургандар күнүнө 1500тегерегиндеги адамдарды түзсө айыкандар 2,3миңден деп жатышат бирок жалпы ооругандардын саны азайбай эле көбөйүп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан