Өлкөдө 90 миңден ашуун жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Өлкө боюнча коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы саны бүгүн, 16-июнга карата 91 миң 22ни түздү.

Соңку 24 саат аралыгында 3 миң 317 жаран вакцина алса, анын 2 миң 907си экинчи жолку эмдөөдөн өтүштү. Муну менен өлкө боюнча 91 миң 22 адам вакцина алып, анын ичинен 62 миң 800 жаран эки жолку эмдөөнү алышты.

Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Кыргыз жергесинде эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган. Учурда эмдөөгө Sinopharm жана Спутник V вакциналары колдонулуп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан